Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Бишкекте кичи шаарлардын стратегиясы иштелүүдө


БИШКЕК. Учурда кыргыз өкмөтү менен республикадагы шаарлар ассоциациясы кичи шаарларды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу аракетинде. Стратегия ушул жылдын сентябрь айына чейин аягына чыгышы керек. Сентябрь айында Дүйнөлүк банк өкүлдөрү стратегияны колуна алып Кыргызстандын унутта калган шаарларын кыдырып чыгат. Бул жөнүндө Кыргызстан шаарлары ассоциациясынан ишембиде маалымдашты.

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын кичи шаарларына деп 15 млн АКШ доллар акча бөлгөн. Кыргызстанда 23 шаар бар, алардын ичинен Сүлүктү, Көкжаңак, Баткен, Исфана экономикалык жактан өспөй артта калган шаарлар. Жакынкы жылдары аларга Токтогул, Кербен, Ноокат, Орловка, Кажысай кошулушу мүмкүн. 2002-жылкы Кыргызстандагы шаарларды өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынган. Ушул жылдын 3-6-сентябрында Бишкекте «Борборлоштуруудан чыгуу: өткөөл мезгилдеги өлкөлөрдүн жергиликтүү бийликтеринин ролу» деген аталышта эл аралык конференция өтөт. Анда кичи шаарларды өнүктүрүү жолдору талкууланат.

Кабарлар топтомун Бишкекте Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров даярдашты

Редактору Тынчтыкбек Чоротегин

XS
SM
MD
LG