Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

АКШ соода министрлиги семинар өткөрөт


АКШ соода министрлиги семинар өткөрөт

18-августтан 21-августка чейин Бишкекте АКШнын соода министрлиги өкмөт жана аскер өнөр жай кызматкерлерин чогултуп, эки этаптан турган семинар өткөрөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан 16-августта билдиришти. Семинардын биринчи этабында Кыргызстан менен АКШнын эксперттери экспорттук көзөмөл тууралуу долбоорду талкуулашып, тажрыйба алмашат. Ал эми экинчи этабында, АКШ менен Кыргызстандын биргелешкен транзит тууралуу жана Кыргызстандын улуттук көзөмөл тизмесин Евробирликтин көзөмөл тизме үлгүсүндөгү долбоору талкууланат. Семинар катышуучулары Европа, АКШда колдонулган Европа биримдигинин көзөмөл тизмесинин түзүлүшү менен таанышат.

XS
SM
MD
LG