Түркиянын ички иштер министринин орунбасары Музафар Эжемиш баштаган делегация Кыргызстанда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу 16-августта ички иштер министрлигинин пресс-кызматынан маалымдашты. Кыргызстандын ички иштер министрлиги менен Түркиянын ички иштер министрлигинин ортосунда кызматташтык боюнча келишим түзүлдү. Түркия тарап Кыргызстанга материалдык-техникалык жардам көрсөтөт. Иш сапарында Музафар Эжемиш ички иштер академиясында болуп, окуу жайда түрк тилин окутууну сунуш кылды. Кыргызстандан 25 баланы Түрикянын полиция академиясында окутуп, алардын чыгымын Түркия тарап өзүнө аларын билдирди.