БИШКЕК. Кыргыз делегациясы Өзбекстандын өкмөт мүчөлөрү менен болгон жолугушууда чек арага коюлган миналарды алып салуу маселесин да козгошту. Кыргызстандын тышкы иштер министри Лидия Иманалиева «Азаттыктын» кабарчысына ишембиде билдиргендей, өзбек тарап миналарды чекарасын коргоо амалында коюшканын билдирди. Жолугушууда кыргыз делегациясы ушул жылдын 16-июлунда кыргыз-өзбек чек арасындагы чатакка байланышкан маселени да көтөрдү. Өзбек тарап бул маселе боюнча учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдап, анда кыргыз атуулдарынын да күнөөсү бар экендигин билдиришти. Ташкен жолугушуусунда газ маселесинин тегерегинде да сөз болду. Өзбекстандын премьер-министри Уткир Султанов Кыргызстанга газ берүү үзгүлтүккө учурабастыгын айтты.