Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

Алманияда нео-нацисттик демонстрация өткөрүлдү.


Алманиянын Вунзидел шаарында бүгүн ири нацисттик демонстрация болду. Ага катышкан бир жарым миңдей адам - фашисттик өкмөттүн жетекчилеринин бири Рудольф Гесстин өлгөнүнө 16 жыл толгонун белгилешти. Гитлердин жакын шериктеринин бири Гесс согуштан кийин өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылууга кесилген, бирок Шпандау түрмөсүндө 1987-жылы өзүн өзү өлтүрүп тынган жана Вунзидел шаарында коюлган. Нео-нацисттер ар жыл сайын 16-августта ушул шаарда чогулат жана жергиликтүү тургундар ага такай нааразылык билдиришет. Демонстрацияны бир миңге жакын полициячы кайтарып турду.

XS
SM
MD
LG