Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

2001-жылы АКШда болгон террордук чабуулдан жапа чеккендерге кенемте төлөнүүдө.


2001-жылдын сентябрында АКШга каршы жасалган террордук аракеттерден курман болгондордун туугандарына кенемте төлөө уланууда. Ал үчүн түзүлгөн атайын фонддун катчысы Кеннет Файнбергдин кечээ күнү жарыялаган маалыматына караганда, курман болгондордун туугандарына жана жапа чеккендерге бардыгы 565 миллион доллар төлөндү. Арыз берүү мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын декабрында аяктайт жана Файнбергдин пикиринде, жылдын аягына чейин дагы 1700 арыз келип түшөөрү күтүлүүдө. Бир жарадар болгон адам алты миллион 800 миң доллар алды. Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларына жасалган чабуулдардан бардыгы болуп үч миңге жакын адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG