Боснияда 1992-1995-жылдарда орун алган ич ара согушта дайынсыз жоголгондорду издөө иштери уланууда. Бул маселе боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Мурат Хуртичтин бүгүн жарыялаган маалыматына караганда, өлкөнүн чыгышындагы Зворник шаарынын алдында жүздөн ашык адамдын көмүлгөн өлүгү табылды. Өлгөндөрдүн жанындагы документтер боюнча, алар Зворниктин мусулман тургундары болгон жана сербдер аларды согуштун башында өлтүрүп, узундугу 40 метр келген аңга көмүп салган. Бардыгы болуп ал аңда 500 адамдын сөөгү бар деп болжолдонууда.