Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Бириккен Улуттардын Качкындар комиссариаты Орусияны сынга алууда.


Бириккен Улуттардын Качкындар боюнча жогорку комиссариаты 15-августта - Чеченстандагы абал тууралуу тынчсыздануусун билдирди. Комиссариаттын басма сөз катчысы Крис Яновскийдин айтымында, акыркы эки аптанын ичинде орус бийлиги - кошуна Ингушетиядагы айылдардан эки жүзгө жакын чеченди күч менен Чеченстанга көчүрүүгө аракеттенген. Анткен менен, белгисиз себептерден улам алар эки-үч күндөн кийин кайрадан Ингушетияга кайтарылган, бирок мурда жашаган үйлөрүнөн айрылган. 5-октябрда Чеченстанда президенттик шайлоо өткөрүлөт жана ага чейин Маскөө бардык качкындар айылдарын жок кылууга аракеттенүүдө.

 

XS
SM
MD
LG