Израил менен Палестинанын аскерий жетекчилери жөөт аскерлерин араб аймактарынан чыгаруу планын жекшемби күнү жолугуп-талкуулоо жөнүндө макулдашышты. Палестинанын коопсуздук кызматынын жетекчиси Мухаммед Дагландын айтымында, макулдашуу 15-августта түзүлдү жана жөөт аскерлери Иерихо менен Калдилия шаарларынан эмки аттада, андан соң Рамалла менен Тулкарем шаарларынан чыгарылат. "Жол картасы" деген жаңы план боюнча, жөөт аскерлери - 2000-жылдын сентябрындагы чектерге чейин чегинүүгө тийиш. 1993-жылы Осло шаарында түзүлгөн келишим боюнча, 2000-жылдын сентябрында эгемендүү Палестина мамлекети жарыяланмак, бирок андай болбой калгандыктан, арабдар Израилге каршы көтөрүлүш баштаган. Жаңы план боюнча, Палестина мамлекети эми 2005-жылга чейин түзүлүүгө тийиш. Өткөн айда жөөт аскерлери Газа тилкеси менен Вифлеем шаарынан чыгарылган.