Кечээ кечинде Ливиянын жетекчилиги Бириккен Улуттарга атайын кат жолдоп, мындан 15 жыл мурда ишке ашырылган террор аракет үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. АКШнын "ПанАмерикен" компаниясынын учагы 1988-жылы Шотландиянын үстүнөн учуп баратканда жарылып кетип, анын ичиндеги 270 адамдын баары курман болгон. Эл аралык коомчулук Ливияны күнөөлөп, ага каршы экономикалык чектөөлөр киргизген, бирок Триполи күнөөнүн баарын буга чейин четке кагып келген. Мындан эки күн мурда Ливиянын жетекчилиги - курман болгондордун туугандарына кенемте акча төлөп берүү үчүн эки миллиард 700 миллион долларлык фонд түзүлө тургандыгы жөнүндө билдирген. АКШ менен Улуу Британия азыр Ливияга карата жарыяланган санкцияларды алып салууну сунуштоодо.