Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:36

Уганданын бир кездеги диктатору Иди Амин дүйнөдөн кайтты.


Уганданын мурдагы диктатору Иди Амин бүгүн эртең менен Сауд Арабияда 79 жашында дүйнөдөн кайтты. 18-июлдан бери ал Эр-Рияд шаарындагы ооруканада жаткан, анткени бөйрөгү иштебей калган. Мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп, Иди Амин бийликке 1971-жылы келген жана кийин өзүн - "Жер бетинде жашаган жаныбарлардын жана суу ичинде сүзүп жүргөн жандыктардын баарынын кожоюну" деп жарыялаган. 1979-жылы бийликтен четтетилгенден кийин, Амин Ливияга качкан, андан соң Иракта жашаган жана акырында Сауд Арабияга көчүп келген жана өкмөт ага атайын үй берип, жетиштүү пенсия чегерген. Аминдин учурунда Угандада 500 миңге жакын адам өлтүрүлгөн жана ал убагында кишинин этин жеген деп да күнөөлөнгөн.

XS
SM
MD
LG