Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

Аксыда өтчү элдик курултайга делегаттар шайланууда


Бишкек. «Акаевди кызматынан кетирүү, эл үчүн реформа» кыймылына кирген бир катар партиялар бул күндөрү жер-жерлерде жыйындар өткөрүшүп, Кыргызстандын саясий системасын өзгөртүү концепциясын талкууга коюшууда. Бул жөнүндө жекшембиде «Эркин Кыргызстан» партиясынын төрагасы Бектур Асанов «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, эки элдик курултайга миңден ашуун адам катышкан. Бул ирет да миңге жакын өкүл катышаары күтүлүүдө. Курултайды 23-сентябрда Аксыда өткөрүү чечимин кыймыл жетекчилиги 6-августта кабыл алган.

Курултайда мурунку жыйындарда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы, Аксы окуяларына күнөөлүүлөрдүн сот жообуна тартылышына байланыштуу маселелер, Кыргызстандын саясий системасын реформалоо концепциясы талкууланат. Жергиликтүү жана парламенттик шайлоо алдында саясий блокторго биригүү маселеси талкууланып, 28-августта Ысыккөлдө өтүүчү кыргыздардын экинчи дүйнөлүк курултайына делегаттар шайланат.

Кабарларды даярдаган Азиза Турдуева

Редактору Тынчтыкбек Чоротегин

XS
SM
MD
LG