Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Чет өлкөгө адам өлүктөрүн сатуу маселеси парламентте каралат


Бишкек. Сентябрда Жогорку Кеңеште киши өлүктөрүн товар катары сатуу маселеси каралат. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акбөкөн Таштанбеков жекшембиде «Азаттыкка» маалымдагандай, Кыргызстандын Кылмыш кодексине киши өлүктөрүн товар катары сатуга тыюу салган норманы киргизүү зарыл.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргызстандан Германияга 500 жакын адам өлүктөрүнүн чыгарылыш фактысын иликтөө боюнча парламенттик жумушчу топ түзүлгөн. Алар маалымдагандай, 2000-жылы Кыргызстандан киши өлүктөрүн товар катары экспорттоо жөнүндө Кыргыз медициналык академиясы Кытай Эл Республикасынын Дальян шаарындагы пластинация борбору менен да түзгөн. Кытайга андан бери Кыргызстандан киши сөөктөрү алып барылганы азырынча белгисиз. Жумушчу топ жетекчиси депутат Акбөкөн Таштанбековдин айтымында, медициналык академияда жөнөтүүгө даярдалган 217 өлүктөн азыр 50 гана калган. Ал эми калган өлүктөрдүн дареги дайынсыз.

XS
SM
MD
LG