Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Кыргыз коммунисттери өкмөт башчысы менен соттошот


Бишкек. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Жогорку Кеңеш имаратынын маңдайында Ленин аянтынын ачылыш аземи өткөрүлөт. Бул тууралуу жекшембиде президенттик акимчиликтин коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков кыргыз коммунисттери менен жолугушуусу маалында билдирди. Кыргызстан коммунисттик партиясынын лидери Клара Ажыбекова Лениндин эстелигин башка жайга которуу тууралуу өкмөттүк токтомго кол койгону үчүн өкмөт башчы Николай Танаевди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна берген. Коммунисттердин кош партиясынын биринин лидери өкмөт башчысын кыргыз парламенти 2000-жылы кабыл алган «Бишкек шаарынын Алатоо аянтындагы Лениндин эстелиги жөнүндөгү» мыйзамды бузду деп айыптоодо. Бир катар саясий жана коомдук уюмдар өкмөттүк соңку кадамды колдоого алууда.

XS
SM
MD
LG