Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

АКШ менен Канадада электр кубатын берүү калыбына келтирилди


Бейшемби күнкү жалпы электр кубатынын өчүшүнөн кийин АКШ жана Канада шаарларына электр тогу толук бериле баштады. Ал эми эки мамлекет тарабынан түзүлгөн комиссия 50 млн адамды электр кубатысыз калтырган окуяны иликтөөгө киришти жана ал алгачкы жыйынын келерки шаршембиде өткөрмөкчү. Алдын ала маалыматтар боюнча, электр кубаты адегенде Американын Кливленд шаарында өчүп, андан кийин кеңири тараган. Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча Түндүк Америкалык кеңештин төрагасы Микел Генттин айтымында, авария Огайо штатынын адистеринин жергилктүү электр системасындагы бузулууну өз убагында оңдой албашынан келип чыкты.

XS
SM
MD
LG