Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:22

«Мэрриот» мейманканасын жардырууга катышкан деп шектелип 10 адам кармалды


Башкы террорчулардын бири деп шектелген Хамбалинин Таиландда кармалышына карабай бул өлкөдө Азия-Тынч океаны саммитин өткөрүү кооптуу бойдон калууда,- деп билдирди АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитаж бүгүн Автстралияда сапары учурунда. Анын айтымында, АКШнын президенти Жорж Буш баш болгон мамлекет жетекчилери катышаары белгиленген саммит учурунда террордук чабуул коркунучу сакталууда. Таиланд өкмөтү Азия Тынч океян экономикалык саммитин октябрь айында өлкө борбору Бангкокто өткөрүүнү белгилеп жатат.
Индонезия полициясынын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Жакарта шаарындагы «Мэрриот» мейманканасын жардырууга тиешеси бар деп шектелген 10 адам камакка алынды. Август айынын башында болгон жардыруудан 12 адам каза болуп, 150дөйү жаракат алган. Бийлик бул жардырууну Жемаа исламия уюму жасады деп шектөөдө. Бүгүн Индонезияда көз карандысыздык күнү белгилеп жаткандыгына байланыштуу өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG