Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Либерия өкмөтү менен куралчан оппозиция эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн коопсуздугуна кепилдик берди


Ганада Либерия бийлиги менен куралдуу оппозициянын ортосунда сүйлөшүүлөр уланууда. Бүгүн өкмөт өкүлдөрү менен козголоңчулар Либерияда иштеп жаткан эл аралык бардык гуманитардык уюмдардын өкүлдөрүнүн коопсуздугуна кепилдик берүү тууралуу макулдашууга кол коюшту. Ал эми сүйлөшүүлөрдүн башында козголоңчулар бир катар өкмөттүк кызмат орундарды аларга берүүнү талап кылып жатышат. Бул талаптарды аткаруунун акыркы мөөнөтү катары куралдуу оппозиция өткөн түндү белгилеген эле. Сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылып жаткан эл аралык өкүлдөр эгерде куралдуу оппозиция өз талабын алып салбаса, сүйлөшүүлөр бир айга токтотулаарын билдирүүдө. Азырынча эки тарап кандай макулдашууга келгени белгисиз.

XS
SM
MD
LG