Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

Карачи портунун жээги тазаланууда


Пакистандын Карачи портунун айланасын мунайдан тазалоо иштери жүрүп жатат. Тийиштүү кызматтар порттун жээктерин мунай жана өлгөн балыктардан тазалоодо. 67миң тонна мунай жүктөлгөн кеме Карачи портуна жакын жерде июль айынын аягында кырсыкка учурап, 14-июль күнү ал тең ортосунан жарылып калган. Кемеден 12 миң тонна мунай сууга төгүлгөн. Пакистандын коммуникация министри Ахмад Али дароо көрүлүп жаткан чаралардан адамдарга жана айлана чөйрөгө олуттуу зыян келтирилбегенин билдирүүдө. Бирок эл аралык Дүйнөлүк жаратылыш фондунун өлкөдөгү өкүлдөрү эгерде деңиздеги мунай жээкке агылып келсе зыяндын өлчөмү артаарын эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG