Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Ооганстанда 7 полиция окко учту


Ооганстандын түштүк-чыгышында полицияга өткөн түнү кол салуу болуп, андан 7 полиция кызматкери жана 15 согушчан окко учту. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кабарлоосуна караганда, 400 тегерегиндеги согушчандар Пактия провинциясындагы Бармал шаарынын полициясына чабуул коюшкан. Полиция башчысы Даулат Хандын айтымында, согушчандар полиция имаратын бир нече саат ээлеп турушуп, андан кийин Пакистан чегине кирип кетишкен. Ооганстандын расмий бийлик өкүлдөрү чабуулду Tалибан жана Гүлбеддин Хекматиярдын согушгерлери жасады деп шектөөдө. Оганстандын Хост провинциясынын аба майданы да өткөн түнү ракета менен аткыланган, бирок андан жабыркагандар жок,-деп кабарлашууда Американын ал жердеги аскерлери.

XS
SM
MD
LG