Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Иракта жардырылган мунай кууру оңдолууда


Ирак бийлиги өлкөнүн түндүгүндө жума күнү болгон мунай куурун жардырууну диверсия деп атады. АКШнын аскерий өкүлүнүн билдирүүсүнө караганда, жарылган куур кеминде эки жума ичинде оңдолот. өткөн шаршемби күндөн тарта бул куур аркылуу Түркиянын Жейхан портуна Ирак мунайы чыгарылып, андан күнүнө өлкөгө 7 млн доллар киреше келе баштаган. Ирактагы Эл аралык координациялоо кеңешинде бүгүн сөз сүйлөгөн АКШынын Ирактагы администрациясынын башчысы Пол Бремер буларга токтолду:
Өлкөдө орун алып жаткан өткөөл мезгил учурунда экономикалык кайра куруу да сөзсүз жүрүш керек. Өткөн убактарда Ирактагы башкаруунун начардыгынан өлкө жакырчылыкка туш болду. Акыркы кезде орун алган саботаж да Иракты зыянга учуратууда. Киркук мунай куурун жардыруудан эле өлкө күн сайын 7 миллион доллар жоготууда.
Жекшембиде Багдаддын түндүгүндөгү суу куурларын бузуудан шаардын бул чөлкөмү суусуз калды. Бул окуя да саботаж катары бааланууда. Ирактын Басра шаарындагы атышуудан болсо Даниянын бир аскери окко учту. Муну Копенгагенден бүгүн ырасташты

XS
SM
MD
LG