Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

ЕККУ өлкүлдөрүнүн Оштогу жолугушуусу


ОШ. ЕККУнун Кыргызстандын ички иштер органдарынын реформалоо программасынын башкы кеңешчиси Барри Майерс, оперативдүү менеджери Жаселен Лакур айым жана улуттук адис кызматкери Шамшыбек Мамыров 18-августта Ошто массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Алар ЕККУнун Кыргызстандын ички иштер министрлигине колдоо көрсөтүүчү сегиз долбоордон турган программасына токтолуп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти. «ЕККУ берген куралдарды кыргыз милициясы өз элине каршы колдонбойт деп кепилдик бере аласыздарбы?» деген суроого Байерс мырза: «Конфликттердин баары эле саясий түрдө болбойт, бирок эгерде болгон ыкмалар менен ызы-чууну жое албаса, милиция башка ыкма, башка каражат колдоно алат, алар чабуул коючу эмес, коргонуу түрүндөгү гана куралдар», деп жооп берди. Анын айтымында, жалпы Кыргызстанга бөлүнгөн 3 млн. 600 миң евронун канча бөлүгү түштүк регионуна жумшалаары белгисиз.

XS
SM
MD
LG