Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

А.Акаевдин Орусияга иш сапары сентябрда башталат


БИШКЕК. Президент А. Акаев 22-сентябрда Орусияга иш сапары менен барат. Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү башкармалыгынын башчысы Эркин Мамкуловдун айтымында, А. Акаев Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушат. Президенттер Кыргызстандын Орусиядагы маданий күндөрүн өткөрүүнүн ачылыш аземине катышат. Кыргызстандын Орусиядагы маданий күндөрү Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналууда. Мындай иш-чаранын ачылыш аземи Москвада башталып, Орусиянын бир катар шаарларында өткөрүлөт. Он күнгө созулган салтанат учурунда кыргызстандык өнөрпоздор орусиялыктарга маданий программаларды тартуулашат.

XS
SM
MD
LG