Тынч океан, Түндүк жана Балтика флотторунун машыгуулары Охотск, Беринг, Жапон, Балтика деңиздеринде үч баскычта өтүп, ага жалпысынан 100гө чукул кеме, 80дей учак, тик учма жана 70 миңдей адам тартылмакчы. Машыгуулардын финалдык бөлүгү 23–августа башталып, ага Түштүк Корея менен Жапониядан келген кемелер, ал эми АКШ, Канада, Кытай, Түндүк Кореянын өкүлдөрү - байкоочу катары катышат. Машыгууларда өзгөчө кырдаалдарды, экологиялык жана техногендик кырсыктарды жоюу, террорчулукка каршы күрөшүү иштерине көңүл бурулат.