Бул тууралуу өлкөнүн бийликтери билдиришти. Энергетика министри Мамука Николашвилинин айтымында, кимдир бирөөлөр өлкөнүн батышында жогорку чыңалуудагы электр линиясына зыян келтиршкен. Кабарларга караганда, электр линиясына автоматтан ок атылган.Натыйжада бүгүн эртең менен өлкө аймагынын 80% электр кубатысыз калган эле. Башкалаа Тбилисиде метронун, көпчүлүк шаарларда суу чыгаруучу станциялардын иши токтогон. Азыр электр кубаты Тбилисиге берилди, өлкөнүн калган аймактарында да электр кубатын калыбына келтирүү үчүн иш жүрүүдө.