Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Израилдин аскерлерин палестин шаарларынан чыгаруу боюнча сүйлөшүү улантылат


Палестинанын коопсуздук кызматынын башчысы Мохаммед Дахлан Иордандын Батыш жээгиндеги Йерихон жана Калкилия шаарларынан жөөт аскерлерин чыгаруу маселеси боюнча Израил менен жакын арада мунаса табыларына ишеним билдирди. Дахландын айтымында, аскерлерди Йерихон жана Калкилия шаарынан чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр эртең, ал эми Рамалла жана Тулкарм шаарлары боюнча - эки аптанын ичинде аякташы мүмкүн. Мурда жөөт аскерлери Йерихон менен Калкилиядан бүгүн же эртең кетээри күтүлүп жаткан.
Бирок кечээги сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктагандыктан аскерлер чыгарылбады. Ал эми мунун аралыгында жөөт полициясынын билдиргенине караганда, бүгүн башкалаа Тель-Авивдеги ресторандардын биринин жанындагы жарылуунун терракт эмес, кылмыштык окуя экенин далилдеген фактылар көбүрөөк болууда. Жарылуудан бир адам өлүп, кеминде алты киши жаракат алган эле. Баштапкы маалыматтар боюнча ресторанда газ баллон жарылган. Бирок кийинчерээк шаардын өрт өчүрүү кызматынын башчысы окуя болгон жерден жардыруучу зат табылганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG