Кол салууудан кеминде үч полициячы мерт болуп, төртөөсү туткундалып кеткен. Жергиликтүү бийликтердин эсебиде, бул - талиптердин колунан келген иш. Пактика провинциясынын полиция башчысы Даулат Хандын айтымында, полициянын Тервах шаарындагы кеңсесине Талибандын 200дөй согушкери чабуул койгон жана алардын мындай аракеттерине коңшу Пакистандын чек арачылары көмөкчү болууда. Мунун алдында, ишембиден жекшембиге караган түнү да Пакистанга чектеш Пактика вилайетинин түндүгүндөгү Бармал шаарынын полиция бекетине кол салынып, атышуудан 7 полициячы жана кол салгандардын 15и каза тапкан.