Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Австралиянын премьер-министри Кытайды Түндүк Кореяга кысым көргөзүүгө үндөдү


Жон Хоуварддын айтымында, Кытай Түндүк Корея өзөктүк курал программасын өнүктүрүүнү токтотуусу үчүн ага кысым көргөзүүсү керек. Ал бүгүн Пекинде кытай өкмөт башчысы Вэнь Цзябао менен жолуккан соң төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Мааниси жагынан Кытайдан бир да мамлекет аша албайт. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө караганда Кытайдын түндүк Кореяга таасири күчтүү. Кытай толугу менен конструктивдүү жана позитивдүү роль ойноодо.

Ал эми Түндүк Корея эгер АКШ ага карата мамилесин өзгөртпөсө, өзөктүк курал жасоону улантарын кайрадан эскертти. Өлкөнүн расмий жаңылыктар агенттигинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Вашингтондун позициясы өзгөргөнү, Пхеньяндын пикиринде, качан АКШ кол салбоо жөнүндөгү пактыга кол коюуга, диломатиялык мамиле орнотууга жана Түндүк Корея менен тышкы сооданы чектебөөгө макул болгондо гана билинет. 27–aвгуста Пекинде Түндүк Корея боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөр башталган жатат. Ага Түндүк Корея менен АКШдан тышкары Кытай, Орусия, Түштүк Корея жана Жапония катышмакчы.

XS
SM
MD
LG