Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Ооганстан эгемендүүлүгүн белгилөөдө


Ооганстан бүгүн эгемендүүлүк күнүн белгилеп жатат. Буга байланыштуу өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Өлкө 1919-жылы Британия колониясынан эркиндикке чыккан. Кабулда президент Хамид Карзай майрамдык салтанатта сөз сүйлөп, бардык оогандыктарды өлкөнү калыбына келтирүүгө катышууга чакырды. Бирок Ооганстанда тынчтык орнотуучу күчтөргө жана жергиликтүү полицияга кол салуу уланууда. Кечээ күнү Логар вилайетинде 7 полициячы атылып өлтүрүлгөн. Вардак вилайетинде бүгүн эрте менен БУУнун кеңсесине 20дай согушкер кол салып, андагы кызматкерлерди сабап кеткен. Ал эми Кунар вилайетте Америкалык база жана коалицялык аскерлер тобу ракета менен аткыланган. Жабырлангандар болгон эмес.

XS
SM
MD
LG