Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:45

Ош шаарындагы базарда товары өрттөлгөн базарчылардын талабы чечилди


ОШ. Жабырланган базарчылар нааразылык билдирүү иретинде 12-авгуттан 13нө караган түнү Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин имаратынын астына түнөп чыккандан кийин алар менен алардын товарлары өрттөнгөн жүк сактоочу жайдын ээси Аманулла Иминовду сөз табыштыруу аракеттери катуу жүрдү. Ал тууралуу арачылык милдетти аткарган демократиялык коопсуздук кеңешинин мүчөсү мындай дейт: «Бул маселе жети ай бою тергөө органдарынан сот органына өтүп чечилген эмес, мына бир жуманын ичинде үч тараптуу жолугушуну 4 жолу өткөрдүк. Жабыр тарткандарга Иминов Аманулла 700 миң өлчөмүндө жардам бере турган болду. Жабыр тартуучулар ушул суммага макул болду. Ушунун негизинде бул кылмыш иши жабылып, тынчтык келишимине келе турган болду».

Алатоо кабарларын Бишкекте Бурулкан Турдубек кызы жана Бакыт Аманбаев даярдашты

Текстти редакциялаган Бекташ Шамшиев

XS
SM
MD
LG