Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:24

Жалалабаддагы мунай чыкчу жерлерде чет өлкөлүктөр иштешүүдө


ЖАЛАЛАБАД. Кочкората шаарчасындагы «Кыргызнефтегаз» акционердик коомунда Кытайдын «Гуний» кампаниясы мунай скважиналарын оңдоону улантууда. Ишкананын 25 эски жана 5 жаңы скважинасын оңдоп, бургулап берүүнү чечкен «Гуний» кампаниясы жарым жылда 8 скважинаны оңжоп 15 млн. сомдук инвестиция алып келди. «Гунийден» сырткары облустун ушундай кем байлыгын Канадалык «Тектоник» жана Австралиянын гидрокампаниясы да изилдөөдө, «Тектоник» кампаниясы 30 скважинаны оңдоп берүүгө келишим түзгөн. Облустук бийликтин билдирүүсү боюнча ал өткөн жарым жыл ичинде 100 миң долларлык жумуш аткарды жана мунай өндүрүүнү көбөйтүүгө салымын кошту. Кыргыз нефтегаздын бул кампаниялардын жардамы менен чыгарылган мунайы Жалалабаддагы кыргыз – канадалык биргелешкен заводдо иштетилип облустун керегине жарап жатат.

XS
SM
MD
LG