Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Кыргызстан баңгизат көп ташып өтүүчү өлкөлөрдүн катарында турат


БИШКЕК. Ооганстанда быйыл апийимдин түшүмү 4 миң тоннага жетиши ыктымал жана аны иштетүүчү жашыруун лабораториялардын саны өсүп баратат. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигинде 19-августтагы маалымат жыйынында Бириккен Улуттар уюмунун баңгизат жана кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча регионалдык өкүлчүлүгүнүн координатору Роберто Арбитрио билдирди. Анын айтымында, бул проблема бүтүндөй Борбор Азия өлкөлөрүнө таандык. Баңгизат Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу көп өлчөмдө ташылып өтөт.
Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттик өткөн айда президенттин жардыгы менен түзүлгөн. Анын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү үчүн АКШ 6 млн. 300 миң доллар грант бөлгөн.

XS
SM
MD
LG