Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

«Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа» кыймылы курултайга даярданууда


БИШКЕК. 19-августта Аксыда «Асаба» кайра жаралуу партиясынын райондук конференциясы өттү. Анда партиянын облустук конференциясына жана 3-элдик курултайга делегаттар шайланды. Райондук конференцияда партиянын райондук бөлүмүнүн төрагалыгына Табылды Жунусалиев шайланды. Бул тууралуу ушул эле күнү «Асаба» кайра жаралуу партиясынын төрагасы, депутат А.Бекназаровдун жардамчысы Тажимамат Туралиев маалымдады. Ал эми «Асаба», «Эркиндик», «Эркин Кыргызстан», «Жаңы Кыргызстан», «Республика», коммунисттер партиялары, бир катар бейөкмөт уюмдар кирген «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа» кыймылынын курултайга даярдыктары уланууда. Кыймыл төрагасы депутат Бекназаровдун айтымында, жыйында мурунку курултай чечимдеринин аткарылышы, кыймыл концепциясы талкууланып, кыргыздардын дүйнөлүк курултайына делегаттар шайланат.

XS
SM
MD
LG