Босниянын түндүгүндөгү Черны Врх аттуу аймакта жаңы кошмо мүрзө табылып, адистер андан кечээ күнү 150 адамдын сөөгүн казып чыкты. Бардыгы болуп мүрзөдө жети жүзгө жакын адам көмүлгөн болушу керек деп болжолдонууда. Ич-ара согушта дайынсыз жоголгондорду издөө боюнча комиссиянын башчысы Мурат Хуртичтин айтымында, көмүлгөндөр - кошуна Зворник шаарынын мусулман тургундары болгон жана сербдер аларды 1992-жылы өлтүргөн. Боснияда 1992-1995-жылдарда орун алган ич-ара согушта бардыгы болуп 250 миңге жакын адам каза тапкан жана алардын 20 миңге жакынынын дайыны эмгиче белгисиз.