Алманиянын тышкы иштер министрлиги бүгүн Беларус жетекчилигине каршылык билдирди. Беларустун коопсуздук кызматы өткөн ишемби күнү Алманиянын жараны Ян Бушту өлкөдөн чыгарып жиберген, анткени ал Беларустун бейөкмөт уюмдары менен Минск шаарында демократия боюнча семинар өткөргөн. Беларус жетекчилигинин айтымында, аны менен немис жараны өлкөнүн экстремист уюмдарын мыйзамсыз аракет көрүүгө үгүттөгөн.