Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан бүгүн Стокголм шаарынан атайын билдирүү жасап, кечээ күнкү чабуулга карабай, Бириккен Улуттар өзүнүн Ирактагы ишин улантат деп билдирди: "Мындай мыкаачылык кылмыштан биз коркуп же абдырап калбаш керекпиз. Биздин кесиптештерибизди өлтүргөндөр чектен чыккан кылмышкерлер жана алар кылмышты Бириккен Улуттарга каршы гана эмес, Ирактын өзүнө да каршы жасады". 19-августта Багдад шаарындагы Бириккен Улуттардын кеңсесин жарылуучу зат жүктөлгөн машине келип сүзгөндөн 17 адам дароо курман болуп, дагы токсонго жакын киши жарат алган. Өлгөндөрдүн арасында - Бириккен Улуттардын Ирактагы атайын өкүлү Сержио Виейра ди Мелло жана Бириккен Улуттардын Балдар фондунун координатору Кристофер Клайн-Бикман да бар. Бүгүн кечинде Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Ирактагы абалды талкуулайт.