Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

«Жаңы заман» гезити бийлик тарабынан куугунтукталууда


ОШ. “Жаңы заман” гезитинин ээси жана башкы редактору Эркин Кожогелдиевдин бүгүн “Азаттыктын” кабарчысына маалымдашыа караганда, басылманын редакциясы убактылуу жайгашкан облустук юстиция башкармалыгына 18-август күнү юстиция министринин орунбасарынан буйрук кат келген. Буйрукта редакцияны имараттан эки үчүн ичинде чыгаруу жана гезиттин облустук юстиция башкармалыгында каттоодон өткөн документтерин жана анын ар бир чыккан санынан бери юстиция министрлигине жөнөтүү жөнүндө жазылган. «Эгер бийлик тарабынан минтип басмырлана берсе, «Жаңы заман» толук түрдө оппозициянын көз карашын билдирген гезит болот» - дейт башкы редактор. Кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде жарык көрүүчү коомдук-саясий жана укуктук гезит үстүбүздөгү жылдын июнь айынан бери чыгат. Гезиттин буга чейин 4 саны жарык көргөн.

Алатоо кабарлар топтомун Бакыт Аманбаев менен Бурулкан Турдубек кызы даярдашты.

Редактор - Бекташ Шамшиев, Бишкек шаары

XS
SM
MD
LG