Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:44

Автокырсыкка кабылгандар арасында Ганси аскер базасынын кызматкери бар


БИШКЕК. 19-августта кечинде Бишкек-Манас жолунда автокырсык катталып, андан бир адам набыт болду, экөө жараат алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ушул эле күнү «Манас» аба майданында жайгашкан «Ганси» авиабазасынын коомчулук менен байланыш бөлүмү тараткан маалыматка караганда, кагылышкан эки автоунаанын бири – «Ниссан» автомашинасын авиабазанын кызматкери айдап бараткан. Ал эми жогоруда аталган үч адам «Мазда» үлгүсүндөгү менчик машинада болушкан. Ганси атындагы авиабазанын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Эллан Херитичтин билдиришинче, автокырсыкка кириптер болгон алардын өкүлү - аскер кызматчысы эмес, атуулдук тартипте контракттын негизинде котормочулук милдет аткарган киши. (Айрым орусиялык маалымат агенттиктери бул котормочу адисти аскер кызматкери катары көрсөткөн маалымат таркаткан). Учурда бул кырсыкты териштирүү үчүн эки тараптуу комиссия түзүлүп, ишке киришти. Ал эми Ганси атындагы авиабазанын аскер кызматчылары набыт болгон адамдын жакындарына көңүл айтышты.

XS
SM
MD
LG