Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

Медиакеңеш маселеси «тегерек үстөлдө» талкууланат


БИШКЕК. Бишкек маалымат борбору 25-августта «Атуулдук коом жана маалымат каражаттары» аттуу тегерек үстөл талкуусун өткөрүүнү болжоп жатат. Анда Медиакеңеш түзүү тууралуу жобо талкууланат. Бул тууралуу 20-августта маалымат борборунан кабарлашты. Медиакеңеш түзүү демилгеси биринчи ирет өткөн аптада «Фриидом хаус» уюмунун демөөрчүлүгү менен Бишкекте өткөн маалымат кызматкерлеринин республикалык конференциясында көтөрүлгөн. Жобо долбоору жарыяланган. Долбоордо Медиакеңеш “маалымат каражаттарына таандык бардык проблемаларды талкуулап, өз пикирин айтуу укугуна ээ” коомдук уюм катары сыпатталган. Медиакеңеш курамына өлкөдөгү абройлуу журналисттер, коомдук, маданий, адабий ишмерлер шайланат. Бирок, бул демилге журналисттер менен укук коргоочулардын арасында толук колдоого ээ болгон жок. Айрым талдоочулар анын басма сөз эркиндигин “чидерлеген” тескөөчү уюмга айланып калбашы үчүн маселени ар тараптуу талкуулоо зарыл деп эсептөөдө.

XS
SM
MD
LG