Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Эркин гезит менен укук коргоочуга каршы сот иши кийинкиге жылдырылды


Шаршембиде Бишкектин Свердлов райондук соту «Эл» партиясынын жетекчиси Мелис Эшимкановдун «Аалам» гезитине жана Адам укугун коргоо кыймылынын жетекчиси Турсунбек Акунга каршы берген доо арызын кароону кийинкиге жылдырды. Ага Турсунбек Акундун «окуянын негизги күнөөкөрү катары доого калган «Аалам» гезитинин редакциясы Бишкектин Октябрь районунун аймагында орун алгандыктан, сот жараяны да аталган аймактын райондук сотунда каралсын» деген талабы себеп болду. «Аалам» гезитинин 2003-жылдын 13-июнундагы номуруна «Адам укугун коргоо кыймылынын» төрагасы Турсунбек Акундун «Мелис Эшимкановдун адамдык жана саясий жүзү» деп аталган макаласы жарыяланган. Анда соңку жылдары Мелис Эшимкановдун саясий көз карашынын өзгөрүшү тууралуу сын пикир камтылган. Ага нааразы болгон Мелис Эшимканов ар намысыма жана абийриме шек келтирди деген доо арыз менен «Аалам» гезитин жана макаланын автору Турсунбек Акунду сотко берген. Ал моралдык чыгым үчүн гезит редакциясынан эки миллион сом, Турсунбек Акундан бир миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG