Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

«Human Rights Watch» Кыргызстандын жогорку бийлигине кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов саясий себептерден улам абакта жатат жана ал 2005-жылкы президенттик шайлоого чейин боштондукка чыгарылышы керек”. Ушундай талап камтылган кайрылууну бүгүн эларалык «Human Rights Watch» уюму Кыргызстандын жогорку бийлигине жолдоду. Ушундай эле мазмундагы кайрылууну президент Аскар Акаевге кечээ (19-августта) Адам укуктары боюнча эларалык лига жана башка бир катар эл аралык уюмдар жолдошкон. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2002-жылдын 8-майында Феликс Куловду он жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарып, шаардык жана Жогорку сот аны күчүндө калтырган. Президент А.Акаев үстүбүздөгү жылдын 19-июлундагы өнөктөштүк форумунда Ф. Куловго карата козголгон иш саясий мүнздө эмес деген пикирин билдирген. Укук коргоочулар менен оппозициячыл саясатчылар президенттин мындай билдирүүсү Кулов менен байланыштуу сот жараянына таасирин тийгизди деп эсептөөдө.

XS
SM
MD
LG