Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Чекара маселесине арналган конференция


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Байыркы жана азыркы кыргыздардын чекарасы» аттуу илимий-практикалык конференция өттү. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата уюштурулган жыйынга тарыхчы-илимпоздор, чекара кызмат жетекчилиги, саясат таануучулар катышты. Кыргыз өкмөтүнүн аймактык проблемалар боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен чек ара маселелерине токтолду. «Кыргыз-кытай чекарасын демаркациялоо боюнча талаа жумуштары бүттү. Эми орнотулган чекара белгилерин кабыл алып, ушул жылдын аягына чейин документтерин бүтүрсөк, кийинки жылдын биринчи жарымында демаркация боюнча протоколдор бекитилет. Ал эми Казакстан менен чекара боюнча келишимге кол коюлган. Азыр ратификациялап, демаркациялоо ишин баштоо жөнүндө маселе козголуп жатат», - деп билдирди С.Аламанов. Анын айтымында, Өзбекстан менен чекара маселелери боюнча макулдашууга жыл аягында кол коюлушу күтүлүүдө. Ал эми Тажикстан менен чекара боюнча сүйлөшүүлөр делимитация, демаркация жүргүзүүнүн укуктук негиздерин макулдашуу деңгээлинде гана жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG