Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Жалалабадда сот өкүмү чыкты


БИШКЕК. Акыркы маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 15-майында Жалалабад облустук ички иштер органдарына кирип, нөөмөтчү милиция кызматкерлерин уруп-согуп, 40 жакын курал-жарактарды тартып алган кылмыштуу топтун башында турган Адыл Каримов үй-мүлкү тартылып алынуу менен күчөтүлгөн тартипте 25 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми кылмыш ишине катышкан 4 жаш жигит 17-18 жылга, ал эми аларды ташыган айдоочу 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Облустагы кабарчыбыз билдиргендей, кылмыш ишин териштирген сот иши Жалалабад шаардык сотунда 21-июлдан 31-июлга чейин уланган. Сот учурунда мамлекеттик айыптоочулар облустук прокурор Айбек Турганбаев жана облустун проркуратуранын прокурору Жаныш Саяков кылмыш тобунун башчысы Адыл Каримовду 20 жылга, ал эми кылмыш ишине катышкан 8 жаш жигит 15-16, ал эми бул топту унаасы менен ташыган айдоочуну 8 жылга эркинен ажыратууну сурашкан.

XS
SM
MD
LG