БИШКЕК. Кыргызстан коммунисттик партиясы, «Атамекен» социалисттик, «Жаңы Кыргызстан», «Эркин Кыргызстан» жана «Асаба» кайра жаралуу партиялары премьер-министр Николай Танаевдин кызматтан кетишин талап кылышты. Буга Бишкектин «Алатоо» аянтынан Лениндин эстелигин башка жерге которуу тууралуу токтомго өкмөт башчынын кол коюшу себеп болду. Саясий партиялардын бүгүн президент Аскар Акаевге жөнөткөн билдирүүсүндө өкмөт башчы Николай Танаев «Алатоо» аянтын реконструкциялоо жөнүндөгү токтомго кол коюп, 2000-жылы парламент кабыл алган «Бишкек шаарынын «Алатоо» аянтындагы Лениндин эстелиги жөнүндөгү» мыйзамды одоно түрдө бузгандыгы айтылат. Эстеликти башка жерге көчүрүү коомчулуктун пикирин эске албай жүргүзүлдү. Саясий партиялар президент жана парламент депутаттарынан өкмөт башчысынын мыйзамсыз ишине саясий баа берүүнү өтүнүштү. Алар Лениндин эстелигинин мыйзамды бузгандардын эсебинен кайрадан мурунку ордуна коюлушун талап кылышты.