Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:51

БУУнун өкүлү Кыргызстанда иш сапары менен жүрөт


БИШКЕК. Жума күнү БУУнун өнүктүрүү программасынын өкүлү Дин Готихрер Кыргызстандын Конституциялык сотунун төрайымы Чолпон Баекова, башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев, ЕККунун жана Кыргызстандагы «Сорос» фондунун жетекчилери, бир нече эларалык донор уюмдар менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн Кыргыз Акыйкатчысынын маалымат кызматы билдирди. Иш сапарында Дин Готихрер БУУнун өнүктүрүү программасына кирген Кыргызстанда адам укугун коргоо программасынын долбоору боюнча аткарыла турган иштер жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүздү. Кыргызстандын Акыйкатчысына ар тараптуу колдоо көргөзүү тууралуу да сөз жүрдү. Дин Готихрер 28-августта Акыйкатчы отурган жайда маалымат жыйынын чакырып, Кыргызстанда адам укугун коргоо программасынын долбоорунун бет ачарын өткөрөт.

XS
SM
MD
LG