Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

Алматыда ЕвразЭС жыйыны башталды


БИШКЕК. Бүгүн Аламатыда Евразия экономикалык кызматташтык уюмунун интеграциялык комитетинин кезектеги 13-отуруму башталды. Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынан билдиришкендей, бул жыйынга кыргыз тараптан вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов баштаган делегация катышууда. Бул күнкү жыйында уюмга мүчө өлкөлөрдүн бирдиктүү бажы тарифтерин ыраатка салуу, ЕвразЭС өлкөлөрүнүн ички базарларын коргоо механизмдерин иштеп чыгуу, өз ара соода мамилелерин өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча иш-чараларга байланыштуу маселелер талкууланды. Евразия кызматташтык уюмуна Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирет.

XS
SM
MD
LG