Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Ф.Кулов президент А.Акаевди шайлоого катышпайт деген ойдо


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов президент Аскар Акаев кийинки президенттик шайлоого барбайт деген пикирде. Мындай пикирин Кулов «Азаттыктын» кабарчысына бүгүн маалымдады. «Эгерде президент Акаев дагы бир мөөнөткө калса, анда Кыргызстанга болгон эларалык колдоо токтотулат. Анда биздин өлкө экономикалык жактан биротоло жок болот», - дейт Феликс Кулов. Акаевдин кийинки мөөнөткө президент болуп калышы юридикалык да, саясий да, экономикалык жактан да мүмкүн эмес. Эгерде ал бул кадамга тобокел кылып бара турган болсо, “анда мамлекет көп нерсени жоготот”, - дейт Ф.Кулов.

XS
SM
MD
LG