Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Феликс Куловдун 3-элдик курултайдын катышуучуларына кайрылуусу


БИШКЕК. Бүгүн Феликс Кулов Аксыдагы элдик курултайдын катышуучуларына кайрылуу жолдоду. «Аксы жергесинде өтүп жаткан курултайга кыргыз бийлиги каршылык көрсөтүүдөн коркту. Бийлик чындык деген жерден жаа бою качып турат. Мурун карабууралыктарды, кийин аксылыктарды элдин алдында коомдун душмандары, улут караөзгөйлөрү, бейпил турмуштун чалмакей чалуучулары катары көрсөтүүгө бийлик аябай аракет кылды. Бийликтин бул провокациясынан эч бир майнап чыкпады. Аксылыктар мыйзамдуулукка жана акыйкатка цивилизация жолу менен жетишүүгө болооорун, чыныгы демократиянын жүзү кандай болоорун бүтүн дүйнөгө дагы бир жолу көрсөтүштү. Карапайым эл өзүнүн башкаруучуларына демократиянын сабактарын үйрөтүштү. Чындыкты жашыра албайсың. Мындай трагедия кайталанбас үчүн туура жыйынтык чыгаруубуз керек», - деп билдирди Феликс Кулов.

XS
SM
MD
LG