БИШКЕК. Кыргызстанга келген АКШ Конгрессинин жооптуу кызматкерлеринен турган делегация 23-августта бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстанда адам укуктарынын, сот системасынын абалы, маалымат каражаттарынын эркиндиги жөнүндө сөз болду. АКШ-Азия фондунун башкы кеңешчиси Роб Уоллес баштаган жана курамында АКШдагы таасирдүү конгрессмендер менен сенаторлордун тышкы саясат боюнча кеңешчилери бар бул делегация Кыргызстандагы саясий жана экономикалык кырдаал менен жакындан таанышуу максаты менен келген.