БИШКЕК. 26-27-августта Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов жана Пакистан Ислам Республикасынын коммерция министри Хумаюн Ахтар Хан төрагалык кылган өкмөт аралык Кыргызстан-Пакистан комиссиясынын биринчи кеңешмеси Исламабад шаарында өтөт. Өкмөт аралык комиссиянын алгачкы кеңешмеси Пакистан президенти генерал Первез Мушаррафтын атайын чакыруусу менен президент Аскар Акаевдин декабрь айында өтүүчү иш сапарына даярдык маселесин карайт. Министр Миталип Мамытовду Пакистан Ислам Республикасынын президенти генерал Перфез Мушарраф жана премьер-министр Мир Зафарулла кабыл алышат.