Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Аксыда элдик курултай ишин аяктады


БИШКЕК. 23-августта Аксы районунун борбору Кербен айылынын маданий паркында Үчүнчү элдик курултай өттү. Ага өлкөнүн бардык облустарынан делегаттар, бир топ саясий партия, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйынды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинен маалымдашкандай, курултайга 1200гө жакын адам катышты. Ал эми Аксы районунун администрация башчысы ушул эле күнү жыйынга 200гө жакын адам катышты деген маалыматты берди. Жыйынга катышкан «Азаттыктын» кабарчысы Рыспай Абдраимовдун маалымдашынча, курултайга облус, республика бийлик өкүлдөрүнөн катышкан жок. Чогулгандар мурунку курултайлардын чечимдеринин аткарылышы, парламенттик жана президенттик шайлоого даярдык көрүү, Аксы окуясына күнөөлүүлөрдү сот жообуна тартуу маселелерин талкуулашты. Курултайда «А.Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа» кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров өлкөдөгү саясий экономикалык кырдаал, «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев Кыргызстандагы саясий, социалдык-экономикалык тармакты реформалоо концепциясы боюнча доклад жасады. Жыйын катышуучулары Ысыккөлдө өтүүчү кыргыздардын дүйнөлүк курултайына 20 делегат шайлашты, жыйынтыгында 12 пункттан турган резолюция кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG